Көптөгөн сааттардан кийин келген үмүт берүүчү кабарлар
Хатайда уранды астында калган 2 аял 48 сааттан кийин кутарылды.





Эпицентри Кахраманмараш болгон жер титирөөдө жүздөгөн куткаруу топтору жана миңдеген ыктыярчы урандылардын астынан кубантуучу кабар берүү үчүн иштеп жатат.
Көптөгөн саат өтсө да урандылар астынан үмүт берген кабарлар келүүдө.
Хатайдын Искендерун районунда жер титирөөдө кыйраган 5 кабаттуу имараттын урандыларында калган 16 жаштагы бала 56 сааттан кийин жаралуу абалда чыгарылды. Топтордун кызматташуусу менен урандылардын астынан чыгарылган Махмут Салман кол чабуулар менен замбилге аып барылды. Кубанган энеси Ширин Салман уулун кучактап, өптү. Бир топ убакыт үй-бүлөсү жана куткаруучу топтор менен маектешкен бала жеке унаа менен ооруканага жеткирилди.
Арсуз районунда жер титирөөдө кыйраган имараттын урандыларында калган 2 аял 56 сааттан кийин, Кырыхан районунда 2 бала 52 сааттан кийин куткарылды.
Кахраманмарашта да урандылардын астында калган 11 жаштагы Эмине Караташ жер титирөөдөн болжол менен 56 сааттан кийин куткарылды.
Малатияда урандылардын астында калган бир аял жер титирөөдөн 55 сааттан кийин куткарылды.
Гөктуг көчөсүндө кыйраган имараттын урандылары астында калган 40 жаштагы Биргүл Араныр медициналык топтор тарабынан ооруканага жеткирилди.
Хатайда уранды астында калган 2 аял 48 сааттан кийин кутарылды.
Издөө – куткаруу топтору жана аскердик кызматкерлери 52 жашындагы Мона Газел менен 74 жаштагы Нежла Мелекти уранды астынан аман чыгарышты. Газел жана Мелек медициналык текшерүүдөн кийин ооруканага жаткырылды.
Издөө – куткаруу топтору Хатайдын Искендерун районунда Мустафа Кемал мааласындагы имараттардан бирөөсүнүн урандысынан жардам кыйкырыктарын угушту. Ишин кылдаттык менен аткарган топ урандыны тазалап сириялык 33 жаштагы эне Имед Сабха менен 2 жаштагы кызы Вафе Сабханы аман чыгарышты.
Замбил менен тез жардамга алып барылган эне менен кыз ооруканага жаткырылды. Топтордун урандыларды тазалоо иштери улантылууда.
Хатайдын борборундагы Угур Мумжу көчөсүндө кыйраган көп кабаттуу үйдүн урандыларынан 45 сааттан кийин бир бала тирүү чыгарылды.
Угур Мумжу көчөсүнөн дагы бир жакшы кабар келди. 45 сааттан кийин ураган көп кабаттуу үйдүн урандыларынын астынан бир аял тирүү чыгарылды.
Адыяманда кыйраган имараттын урандыларында иштеген топ жер титирөөдөн 36 саат өткөндөн кийин аты - жөнү билинбеген ымыркайды тирүү чыгарышты. Медициналык топторго тапшырылган ымыркай дарылануу үчүн ооруканага жөнөтүлдү.
Шанлыурфанын Бирежик районунда болгон жер титирөөнүн 52 - саатында урандылардын астынан 27 жаштагы Серхат Кая куткарылгандан кийи, 65 жаштагы атасы Мүслүм Кая болжол менен бир сааттан кийин тирүү чыгарылды.
Топтор Шанлыурфанын Йенишехир мааласындагы 5 кабаттуу имаратта 6 жаштагы Ахмет Аяз Абакка 47 сааттан кийин жетти.
Абак биринчи жардамдан кийин ооруканага жеткирилген.