Япон профессор : "Түркиядагы жер титирөөлөр кургактыктагы жер титирөөлөрдүн эң чоңу"

Синдзи жер титирөөнүн энергия көлөмүнүн Японияда 1995 - жылы болгон чоң Ханшин - Аважи жер титирөөсү жана 2016 - жылдагы Кумамото жер титирөөсүнөн он эсе көп экенин баса белгиледи.

1943925
Япон профессор : "Түркиядагы   жер титирөөлөр кургактыктагы жер титирөөлөрдүн эң чоңу"

Япон жер титирөө боюнча  адиси, профессор Синдзи Тода эпицентри Кахраманмараш болгон жер титирөөлөрдүн дүйнөдө кургактыкта ​​болгон эң чоң жер титирөөлөрдүн арасында экендигин айтты.

Тохоку университетинин Эл аралык апаат илим изилдөө институтунун профессору Синдзи Япониянын Asahi Shimbun гезитине Түркияда 6 - февралда Кахраманмарашта болгон жана жалпысынан 10 провинцияда болгон 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөр тууралуу маалымат берди.

Түркиядагы жер титирөөлөрдүн дүйнөдө кургактыкта ​​болгон эң чоң жер титирөөлөрдүн арасында болгонун белгилеген Синдзи : «Күтүлбөгөн чоң жер титирөө болду»,- деди.  

Чыгыш Анадолу жарака сызыгынын Арабия плитасы менен Анадолу плитасынын чек арасында орун алганына көңүл бурган Синдзи жер титирөөнүн чоңдугуна кошумча катары эпицентринин жер бетине жакын болушунун да чоң чыгымга себеп болгондугун  белгиледи.

Синдзи жер титирөөнүн энергия көлөмүнүн Японияда 1995 - жылы болгон чоң Ханшин - Аважи жер титирөөсү жана 2016 - жылдагы Кумамото жер титирөөсүнөн он эсе көп экенин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар