Эрдоган Кахраманмарашка барды

Эрдоган, жер титирөөдөн зыян тарткан 10 облуста бир жылдын ичинде жаңы үйлөрдү кура тургандарын айтты.

1943864
Эрдоган Кахраманмарашка барды
erdogan maras pazarcik deprem.jpg
erdogan maras deprem.jpg
erdogan maras deprem.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Кахраманмарашта жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн курулган чатыр шаарчага барды.

Эрдоган 6-февралда 10 облуста болгон 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөрдөн кийин иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн аймакта...

Жетекчилерден аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат алган Эрдоган андан соң курулган чатыр шаарчада жер титирөөдөн жабыркагандар менен жолугушту.

Бардык мүмкүнчүлүктөрдү мобилизациялагандарын баса белгилеген Эрдоган, жер титирөөдөн зыян тарткан 10 облуста бир жылдын ичинде жаңы үйлөрдү кура тургандарын айтты.

Жер титирөөдөн жабыркагандардын Анталья, Аланья жана Мерсинде келишим түзүлгөн мейманканаларда жашай ала тургандарын белгилеген Эрдоган: «Жарандарыбыз кабатыр болбошу керек, биз алардын көчөдө калышына эч качан жол бере албайбыз»,- деди.

Эрдоган жер титирөөдөн жабыркаган үй-бүлөлөргө каржылык колдоо көрсөтүлөрүн да билдирди.

Президент Эрдоган Кахраманмараштын борборунда иликтөө иштерин жүргүзгөндөн кийин жер титирөөнүн очогу Пазаржык районуна барды.

Бул жерде да жер титирөөдөн жабыркагандар менен баарлашып, издөө-куткаруу иштерине катышкандардан акыркы абал тууралуу маалымат алды.

Эрдогандын аптанын аягына чейин жер титирөө болгон аймактарга барышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар