Жер титирөөлөр Анадолу жарым аралын 3 метрге жылдырды

Бул тууралуу Италиянын жер титирөө жана вулкандык активдүүлүк боюнча мекемеси болгон Улуттук геофизика жана вулканология институтунун (INGV) президенти Карло Доглиони жана башка адистер да билдиришти.

1943310
Жер титирөөлөр Анадолу жарым аралын 3 метрге жылдырды

Очогу Кахраманмараш болгон жер титирөөлөрдүн Анадолу жарым аралын 3 метр батышка жылдырганы билдирилди.

Италиянын жер титирөө жана вулкандык активдүүлүк боюнча мекемеси болгон Улуттук геофизика жана вулканология институтунун (INGV) президенти Карло Доглони Италия басма сөзүнө берген маалыматында Кахраманмараш менен катар 10 провинцияга таасирин тийгизген жер титирөөлөргө баа берди.

Доглиони жер титирөөлөрдүн Чыгыш Анадолу, Араб жана Африка плиталарынын кошулган жеринде болгонуна көңүл буруп: «Түркияны кесип өткөн эки чоң жаракалардын бири кыймылдай баштады. Бул ошол эле учурда Иордания, Израиль, Ливан жана Сирия аркылуу өткөн Өлү деңиз жаракасы менен катар Жакынкы Чыгыштагы эң активдүү жаракалардын бири болуп Араб жарым аралын Африкадан бөлүп турат»,-деди.

Жердин бул жарака боюнча кыймылдагандыгын билдирген Доглиони: «Кыймылдын максималдуу диапазонунда 3 метрлик жылыш болду»,-деп айтты.

Доглиони азырынча 3 метрлик жылыштын алгачкы эсептөөлөрү болгонун, бирок акыркы чечимди спутниктик маалыматтарга ээ болгондо жасай турганын айтты.

Доглони Түркиядагы кечээки жер титирөөлөрдүн абдан чоң жер титирөөлөр болгонун баса белгиледи.

Түркиядагы жер титирөөлөргө сереп салган башка адистер эпицентри Кахраманмараш болгон жер титирөөлөрдүн 2016-жылы Италияда болгон жана 300дөн ашуун адамдын өмүрүн алган Аматриче жер титирөөсүнөн миң эсе күчтүү болгонун белгилешти.



Тектеш кабарлар