Түркияга көңүл айтуулар келүүнү улантууда
Президент Эрдоганга дүйнө өлкөлөрү телефон чалып көңүл айтышууда.

Кахраманмараштын Пазаржык жана Элбистан райондорунда болгон жер титирөөлөрдөн улам президент Режеп Таййип Эрдоганга телефон аркылуу байланышкан өлкөлөрдүн лидерлери Түркия менен тилектештиктеринбилоиришир, түрк калкына көңүл айтышты.
Грециянын президенти Катерина Сакеларопулу жана Грециянын премьер-министри Кирякос Мицотакис президент Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшүп, каза болгондор үчүн көңүл айтып, жаралуулардын сакайып кетишин каалашты.
Сауд Арабиянын королу Селман бин Абдулазиз да жер титирөөдө каза болгондор үчүн президент Эрдоганга көңүл айтты.
Президент Эрдоганга телефон чалган Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салман каза болгондор үчүн көңүл айтып, жаралуулардын бат айыгып кетишин каалады.
Ошондой эле президент Эрдоганга телефон чалган Израилдин президенти Исаак Герцог каза болгондор үчүн көңүл айтты.
Иорданиянын королу II Абдуллах да президент Эрдоганга телефон чалып, каза болгондор үчүн көңүл айтып, жаралуулардын сакайып кетишин каалады.
Президент Эрдоганга жер титирөөдө каза болгондор үчүн көңүл айткан Франциянын президенти Эммануэль Макрон жаралуулардын сакайып кетишин каалагандыгын билдирди.
Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев да президент Эрдоганга телефон чалып, жер титирөөдөн улам көңүл айтты.
Ливиянын премьер-министри Абдулхамид Дибейбе да жер титирөөдөн улам президент Эрдоганга телефон чалып, каза болгондор үчүн көңүл айтты жана жаралуулардын сакайып кетишин каалады.
Сомалинин президенти Хасан Шейх Махмуд да президент Эрдоганга телефон чалып, жер титирөөдө каза болгондор үчүн көңүл айтты.
Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Сани, Бириккен Араб Эмираттарынын президенти шейх Мухаммед бин Заид Аль Нахайян, Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев президент Эрдоганга телефон аркылуу каза болгондорго Аллахтан ырайым, жаракат алгандарга шыпаа тилешти.
Ирандын президенти Ибрахим Реиси менен Украинанын президенти Владимир Зеленский президент Эрдоганга телефон чалып, жер титирөөдө каза болгондор үчүн көңүл айтып, жарадарлардын сакайып кетишин каалашты.
Конго Демократиялык Республикасынын президенти Феликс Тшисекеди да президент Эрдоганга телефон чалып, жер титирөөдөн улам көңүл айтты.
Испаниянын королу Фелипе жер титирөөдөн улам Түркия менен Сирияга тилектештик билдирүүсүн жөнөттү.
Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов да тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглуна телефон чалып, Кахраманмарашта 10 облуста болгон жер титирөөдөн улам терең кайгыруу менен көңүл айтты.