Кан тапшыруу борборлорунда узун кезек
Жарандар жер титирөө болгон аймактагы канга болгон муктаждыктын камсыздалышына салым кошуу үчүн кезекке турушту.




10 облуска таасирин тийгизген жер титирөөлөрдөн кийин канга болгон муктаждыктын канааттандырылышы үчүн Түркиянын бардык аймагында ачылган кан тапшыруу борборлоруна жарандар агылып барууда.
Түрк Кызылайынын Анкара Билкент оорукана шаарчасынын кан тапшыруу пунктуна барган жарандар узун кезек күтүү менен кан тапшырышууда.
Жер титирөөдөн кийин кан тапшыруу акциясына Стамбулдагы жарандар да чоң кызыгуу көрсөтүшүүдө.
Эдирнеде болсо Түрк Кызылайынын кан тапшыруу борбору тарабынан 3 башка жерде кан тапшыруулар кабыл алынууда. Шаарда кечээтен бери 500гө жакын кан чогултулду.
Кыркларелиде да Түрк Кызылайынын кан тапшыруу борбору тарабынан 2 башка пункттан кан тапшыруулар кабыл алынууда.
Текирдагда Түрк Кызылайынын кан тапшыруу борбору тарабынан 4 пункттан кан тапшыруу кабыл алынууда.
Чанаккаледе болсо Республика аянтында курулган мобилдик станцияга келген көп киши кан тапшыруу үчүн кайрылды.
Ванда да кан тапшыруу пункттарына келген жарандар жер титирөө болгон аймактагы канга болгон муктаждыктын камсыздалышына салым кошуу үчүн кезекке турушту.