Кахраманмарашта болгон жер титирөөдө каза болгондордун саны 3 549га жетти

Кахраманмараштын Пазаржык районунда 7,7, Элбистан районунда 7,6 баллдык жер титирөөдө каза болгондордун саны 3432ге жетти.

1943044
Кахраманмарашта болгон жер титирөөдө  каза болгондордун саны 3 549га жетти

Кахраманмараштын Пазаржык районунда 7,7, Элбистан районунда 7,6 баллдык жер титирөөдө каза болгондордун саны 3 549га жетти.

Президент Режеп Таййип Эрдоган борбор шаар Анкарада Мамлекеттик маалымат координациялык борборунда маалымат берди жана  : "3549 киши каза болуп, 22 миң 168 жаралуу кишибиз бар. Ушул кезге чейин 8 миңден ашуун киши куткарылды",- деди. 

Вице  - президент Фуат Октай эпицентри Кахраманмараш болгон жер титирөөлөрдө 3 419 кишинин каза болгондугун, 20 534 кишинин жаракат алгандыгын билдирди. Октай жер титирөөдө 8000ден ашуун кишинин урандыдан куткарылгандыгын билдирди. Вице  - президент башка өлкөлөрдөн 3 294 издөө - куткаруу кызматкеринин жертитирөө болгон аймактарга келгендигин айтты.

Бир тараптан Хатайдын Одабашы мааласында кыйраган имараттын урандысынан 30 жаштагы Хүля Йылмаз жана 6 айлык ымыркайы Айше Вера Йылмаз 29  сааттан кийин аман куткарылды

Эне Хүля Йылмаз жана ымыркайы дарылануу үчүн ооруканага жаткырылды. Кахраманмарашта да уранды астында калган жаш кыз жер титирөөдөн 28 сааттан кийин жаралуу куткарылды. 

Газиантепте да бир аял 25 сааттан кийин урандылардан чыгарылды.

Аймактарда кыйраган имараттарда  издөө - куткаруу иштери улантылууда.

Түрк Кызылайы тарабынан биринчи этапта жер титирөө болгон аймактарга жиберилген 10 миң кишилик чатырлар курула баштады.

Аймактагы издөө -  куткаруу топторунун кызматкер саны 25 миң 693, унаа саны 360, курулуш техникасынын саны 3 миң 361 экендиги билдирилди.

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар