Эрдоган : "3 айлык өзгөчө кырдаалды жарыялоо чечимин чыгардык"

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарадагы Мамлекеттик маалымат координациялык борборунда Кахраманмараштагы жер титирөөлөргө байланыштуу маалымат берди.

1943320
Эрдоган : "3 айлык өзгөчө кырдаалды жарыялоо чечимин чыгардык"

Президент Режеп Таййип Эрдоган Кахраманмараштагы жер титирөөдөн жабыркаган 10 облуста 3 айлык өзгөчө кырдаалдын жарыяланганын айтты.

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарадагы Мамлекеттик маалымат координациялык борборунда Кахраманмараштагы жер титирөөлөргө байланыштуу маалымат берди.

«Республикабыздын тарыхындагы гана эмес, географиябыздагы жана дүйнөдөгү эң чоң кырсыктардын бирине туш болуп жатабыз»,- деген Эрдоган : «3549 адам каза болуп, 22 миң 168 адам жаракат алды. Ушул  убакка чейин урандылардын астынан 8 миңден ашуун жараныбыз куткарылды»,- деди.

Эрдоган : «Конституциянын 119 -  беренесинин бизге берген укуктарынын негизинде өзгөчө кырдаалды жарыялоо чечимин чыгардык. Жер титирөө болгон  10 облусубузду жалпы турмушка таасирин тийгизген апаат аймагы деп жарыялайбыз»,- деди.

Президент Эрдоган ушул кезге чейин 54 миң чатыр, 102 миң керебет жана башка муктаж болгон материалдардын аймакка жиберилгендигин айтып : «Жандармериябыз 26 жүк ташуучу учак жана Жээк коопсуздук командирлигибиз кеме жана катерлери менен миңдеген адис  менен кырсык болгон жерде нөөмөттө. 1000ге жакын тез жардам унаасы, 241  Улуттук медициналык куткаруу тобу  жана  2 тез жардам учакта 5  миң  саламаттыкты сактоо кызматкерлери аймакка жөнөтүлдү»,- деди.  

Ушул убакка чейин 70  мамлекет жана 14 эл аралык уюмдан жардам сунуштарын алганын билдирген президент : «Бизге телефон чалган 18 мамлекет жана өкмөт башчылары менен сүйлөштүк. Өлкөбүздүн бул кыйын күнүндө жардам берүү сунушун билдирүү үчүн телефон чалган, билдирүү жөнөткөн, маалымат берген бардык досторубузга, мамлекет жана өкмөт башчыларына ыраазычылык билдирем»,-  деди.

 



Тектеш кабарлар