Түркияда катуу жер титирөө болду

Түркиянын 10 облусунда күчү сезилген 7,7 баллдык жер титирөө болду.

1942160
Түркияда катуу жер титирөө болду
deprem
deprem
deprem tr.jpg
Deprem Kahramanmaraş5.jpg
Deprem Kahramanmaraş1.jpg

Кахраманмараштын Пазаржык районунда 7,7, Элбистан районунда 7,6 баллдык жер титирөөдө каза болгондордун саны 2316га жетти.

Апаат жана чукул кырдаалдарды башкаруу төрагалыгынын (AFAD) жер титирөө тобокелдигин азайтуу башкы директору Орхан Татар Кахраманмараштагы жер титирөөлөрдөн 2316 кишинин каза болгонун, 13 миң 293 кишинин жараланганын билдирди.

Татар жер титирөөдө 6 миң 217 имараттын да кыйрагандыгын, 7 миң 340 кишинин урандылардын астынан куткарылганын билдирди.

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа менен бирге жасаган маалыматтандыруусунда 17 учак менен абадан жардам коридорун түзүшкөндөрүн жана бул коридорду колдонуу менен жардамды, AFAD жана саламаттыкты сактоо кызматкерлерин аймактарга жеткирүү аракетин көрүшкөнүн айтты.

AFADтын билдирүүсүндө, мурда 7,4 деп билдирилген жер титирөөнүн күчү 7,7 деп кайра каралды.

6217 имараттын талкаланышына алып келген жер титирөө 10дон ашык шаарда сезилди.

Кырсыктан кийин эл аралык жардамды кошкондо 4-деңгээлдеги коңгуроо башталды.

Кулаган имараттар жайгашкан аймактарда издөө-куткаруу иштери башталды.

Издөө-куткаруу топтору талаа жумуштарын улантууда.

AFAD сайтындагы маалыматта, «Кахраманмараштагы жер титирөө Түркия убактысы боюнча саат 04:17де 7 километр тереңдикте болду»,делди.

Ал эми Кахраманмараштын Элбистан районунда  саат 13.24тө дагы 7,6 баллдык жер титирөө болду.

 



Тектеш кабарлар