Террор менен күрөшүү уланууда
Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагында акыркы 2 күндө жок кылынган террористтердин саны 7ге жеткени билдирилди.
1942001
Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагында аныкталган жикчил террордук уюм ПККнын эки террористи курал-жарактары менен таасирсиз кылынды.
Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта Мехметчиктин катаал аба ырайы жана жер шартына карабастан «Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагында террор менен күрөшүүсүн улантканы белгиленди.
Билдирүүдө акыркы учурда аймакта ПККнын 2 террористинин дагы таасирсиз кылынганы белгиленди.
Ушул эле аймакта акыркы 2 күндө жок кылынган террористтердин саны 7ге жеткени билдирилген маалыматта: «Кар, бороон, бороон-чапкын дебестен террористтердин уюгуна кирүүнү уланткан баатыр Мехметчикибизди сыймыктануу менен куттуктайбыз»,-деп айтылган.