Чавушоглу Швециянын НАТОго мүчөлүгүнүн жолуна террордук уюмдардын мина койгонун айтты

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Аланиянын кеңейтилген райондук кеңешме кеңешинин жыйынында сөз сүйлөдү.

1942022
Чавушоглу  Швециянын НАТОго мүчөлүгүнүн жолуна террордук уюмдардын мина койгонун айтты

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, айрыкча Швециянын НАТОго мүчөлүгүнүн жолуна террордук уюмдардын мина койгонун айтты.

Министр Чавушоглу Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Аланиянын кеңейтилген райондук кеңешме кеңешинин жыйынында сөз сүйлөдү.

Түркиянын 40 жылдан бери террор менен күрөшүп келе жатканын жана күткөн колдоону ала албаганын белгилеген Чавушоглу, Швецияга шилтеме жасап, бул өлкөдө террордук уюмдун мүчөлөрү эркин чуркап жүргөнүн белгиледи.

Чавушоглу Швециянын террордук уюм ПККга карата мамилесин жана Курандын өрттөлүшүн сынга алып: «Күн сайын жикчил корбашчынын сүрөттөрү жана террордук уюмдун (террористтердин) чүпүрөктөрү менен көчөлөрүңүздө жүрөт. Экинчи жагынан сөз эркиндигин айтып, Курандын өрттөлүшүнө жол бересиз, Түркияга каршы ар кандай жамандыкка жол бересиз, андан кийин «мен НАТОго мүчө болом» деп айтасың. Ушундай болобу, жолдоштор?»,-деди.

Швециянын тышкы иштер министри Тобиас Биллстремдун Түркия-Швеция-Финляндиянын ортосунда кол коюлган өз ара түшүнүшүү меморандумунда эч кандай дин маселеси болбогондугу жөнүндөгү билдирүүсүнө токтолгон Чавушоглу: «Ооба, ал жерде логикалуу, кыраакы, адептүү болосуң деп жазылганбы? Элдин ыйык баалуулуктарын сыйлайсың деп жазылганбы? Буларды жазуунун кереги барбы? Биринчиден, бул эң негизги адамдык милдет»,-деп өз баасын берди.

Чавушоглу: «Бул террордук уюмдар, бул радикалдар бул өлкөлөрдүн, өзгөчө Швециянын НАТОго мүчөлүгүнүн жолуна мина коюп жатышат. Биз Финляндияны өзүнчө карайбыз, бирок Швеция бул миналарды атайылап басып жатат. Кааласа бул миналарды тазалай алат. /.../Таарынсаңар таарынгыла, сөзүндө турбаган эч кимге сыйлык бере албайбыз. Келишимдеги милдеттенмелерди аткаргандар менен отуруп, сүйлөшөбүз. Президентибиздин (Режеп Таййип Эрдоган) жетекчилигинде убада бергенде Түркия катары убадабызды аткарабыз, ар дайым сөзүбүздүн артында турабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар