Түрк аба жолдору THY Стамбулда 238 каттамын токтотту
THY басма сөз кызматы тарабынан жасалган билдирүүдө, токтотуу чечимдеринин Метеорологиялык өзгөчө кырдаалдар комитетинин чечимине ылайык кабыл алынганы белгиленди.
Түрк аба жолдору THY Стамбулда күтүлүп жаткан аба ырайына байланыштуу 5 - 6 - февраль күндөрү жалпы 238 каттамынын токтотулганын билдирди.
THY басма сөз кызматы тарабынан жасалган билдирүүдө, токтотуу чечимдеринин Метеорологиялык өзгөчө кырдаалдар комитетинин чечимине ылайык кабыл алынганы белгиленди.
Жарандарга аэропортко келээрден мурун каттамдарын текшерүүсү керектиги эскертилген билдирүүдө төмөндөгүлөр белгиленди : "Стамбулда күтүлүп жаткан кардан улам, Метеорологиялык өзгөчө кырдаалдар комитетинин чечимине ылайык, 5 - 6 - февраль күндөрү Стамбул аэропортунда каттамдар токтотулду. Стамбул аэропортунан 238 каттам токтотулду. Алардын 72си ички каттамдар жана 166сы эл аралык каттамдар. Операциянын негизинде токтотулган каттамдардын саны көбөйүшү мүмкүн».
Тектеш кабарлар
Каржы министри Мехмет Шимшек : "Түркия экономикасы ишеним берүүдө"
Мехмет Шимшек АКШдагы жолугушуулары тууралуу ТРТге маалымат берди.