Мустафа Шентоп Сомалинин парламент спикери менен телефон аркылуу сүйлөштү

Парламенттин төрагалыгынан берилген маалыматка караганда сүйлөшүүдө эки өлкөнүн ортосундагы карым  - катнаштар жана Сомалидеги абалдар талкууланды.

1941949
Мустафа Шентоп Сомалинин парламент спикери менен телефон аркылуу сүйлөштү

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп Сомалинин федералдык парламентинин спикери Шейх Адан Мухаммед Нур менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Парламенттин төрагалыгынан берилген маалыматка караганда сүйлөшүүдө эки өлкөнүн ортосундагы карым  - катнаштар жана Сомалидеги абалдар талкууланды.

Шентоп Сомалинин Түркияда өзгөчө орду бар экендигин белгилеп, Сомалиде өкмөттүн кайрадан шайланышын жана шейх Адан Мухаммед Нурдун парламенттин спикерлигине шайланышы менен куттуктады.

Сомалинин президенти Хасан Шейх Махмуддун Түркияга жасаган сапарынын карым  - катнаштарды күчтөндүргөндүгүнө көңүлдөрдү бурган Шентоп уланып жаткан Украина - Россия согушунун кесепеттерине токтолуп, Түркиянын тынчтык үчүн ойногон ролуна көңүлдөрдү бурду.

Сомали федералдык парламентинин спикери Нур да бардык тармакта Сомалиге берген жардамдарынан улам Түркияга ыраазычылык билдирди.

Нур Түркиянын Украиана  - Россия согушунда Түркиянын тынчтыкты жактаган позициясын толугу менен колдогондорун баса белгиледи.

 

 

 



Тектеш кабарлар