Эрдоган Курти менен биргелешкен пресс - жыйын өткөрдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Косово менен Сербиянын ортосундагы диалогду колдошкондорун белгилеп, тараптардын тынчтыкчыл  жана конструктивдүү мамилесин күткөндөрүн айтты.

1941847
Эрдоган Курти менен биргелешкен пресс  - жыйын өткөрдү
kurti-erdogan.jpg
erdogan kosova.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган Косово менен Сербиянын ортосундагы диалогду колдошкондорун белгилеп, тараптардын тынчтыкчыл  жана конструктивдүү мамилесин күткөндөрүн айтты.

Президент Эрдоган Түркияга иш сапары менен келген Косовонун премьер  - министри Албин Курти менен кечээ Стамбулда Вахдеттин сарайындагы жолугушуудан кийин биргелешкен пресс  - жыйында сөз сүйлөдү.

Өткөн жумада Косовонун түндүгүндө болгон сел апаатынан улам көңүл айткан Эрдоган Түркиянын жана түрк улутунун ар дайым Косовонун жанында экендигин, мындан кийин жанында болууну улантышарын айтты.

Түркиянын Косовону АКШдан кийин тааныган экинчи өлкө экенине көңүл бурган Эрдоган, Косовонун эл аралык аренада татыктуу позицияга жетиши үчүн биргелешип аракет кылып жаткандарын айтты.

Косово менен бардык кошуналарынын ортосундагы тынчтык карым - катнаштарынын өнүгүшүнө чоң маани бергендерин баса белгилеген президент Эрдоган : «Ушунун негизинде Косово менен Сербиянын ортосундагы диалогду колдойбуз жана тараптардан тынчтыкчыл, конструктивдүү мамиле кылуусун күтөбүз. Сербия менен жүргүзүлгөн диалог процессинин аймакта тынчтыкты жана туруктуулукту түзө турган жыйынтыкка келет деген үмүттөбүз. Түркия аймагыбыздын тынчтыгы жана ырааттуулугу үчүн ар кандай колдоону сунуштоого, тараптардын талабы болсо керектүү салымды кошууга даяр»,-деди.

Косовонун премьер-министри Курти НАТОнун 1999-жылдагы кийлигишүүсү менен Косово калкына карата жасалган геноцидди токтоткондугун белгилеп, бул боюнча ойногон ролу үчүн Түркияга ар дайым ыраазы боло тургандарын айтты.

Түркиянын Европа Биримдиги жана НАТОго мүчөлүк процессинде Косовону колдогонун билдирген Курти президент Эрдоганга колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.



Тектеш кабарлар