Эмине Эрдоганга «Доктор Бек Апитерапия Сыйлыгы» тапшырылды
Эмине Эрдоган Стамбулдагы Вахдеттин сарайында Эл аралык апитерапия федерациясынын жетекчилерин жана федерациянын түрдүү өлкөлөрдөн келген өкүлдөрүн кабыл алды.



Президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоганга Эл аралык апитерапия федерациясы тарабынан «Доктор Бек Апитерапия Сыйлыгы» тапшырылды.
Эмине Эрдоган Стамбулдагы Вахдеттин сарайында Эл аралык апитерапия федерациясынын жетекчилерин жана федерациянын түрдүү өлкөлөрдөн келген өкүлдөрүн кабыл алды.
Кабыл алууда Эмине Эрдоганга аары продуктуларынын колдонулушу боюнча апитерапия изилдөөлөрүнүн Түркияда жайылтылышына кошкон салымы үчүн Венгриянын Апитерапия Ассоциациясынын президенти Янош Корменди - Рач тарабынан «Доктор Бек Апитерапия сыйлыгы» тапшырылды.
Рач Венгрияда туулган доктор Бодог Феликс Бектин 7 тилге которулган жана апитерапияга байланыштуу эмгектерин баяндаган, 7 тилге которулган китебин Эмине Эрдоганга белек кылды.
Янош Кёрменди - Рач апитерапиянын бир ооруну алдын алуу же айыктырууга жардам берген дарылоо ыкмасы экенин, аарылардан алынган түрдүү түстөгү суюктуктар адамдарга шыпаа болот деген ишенимдин абдан эски салтка негизделгендигин айтты.
Эмине Эрдоган сыйлык тууралуу Твиттер эсебинен билдирди.
Анадолу медицинасынын бир бөлүгү болгон апитерапиянын табияттын «шыпаа колу» экенин белгилеген Эрдоган : «Бул күнгө чейин келген бул табигый дарылоо ыкмасын дагы да кеңейтүү керек деп ойлойм. Учурдан пайдаланып Дүйнөлүк Апитерапия Федерациясына Доктор Бек Апитерапия сыйлыгы үчүн ыраазычылык билдирем",- деди.
Тектеш кабарлар

Түрк аба жолдору Лусакага каттамдарын кайра баштады
Лусакага биринчи каттам Boeing 737-8 Max учагы менен аткарылды.