Түркиядан Сербияга жабдык жардамы

Шаймандар Нови Пазар муниципалитетине Түркиянын Белграддагы элчиси Хами Аксой тарабынан тапшырылды.

1941494
Түркиядан Сербияга жабдык жардамы

Түркия, өткөн айда селден жапа чеккен Сербиянын Нови Пазар шаарына апаат менен күрөшүүсү үчүн шаймандар жагынан колдоо көрсөттү.

Апаат жана чукул кырдаалдарды башкаруу төрагалыгы (AFAD) тарабынан жөнөтүлгөн шаймандар Нови Пазар муниципалитетине Түркиянын Белграддагы элчиси Хами Аксой тарабынан тапшырылды.

Аксой бул жердеги билдирүүсүндө, Сербиянын Санжак аймагы жана калкынын ар дайым Түркиянын колдоосуна ишене аларын айтты.

Нови Пазар муниципалитетинин төрагасынын орун басары Нихад Хасанович да Түркияга шаарга көрсөткөн жардамдарынан улам ыраазычылык билдирип, аймакта болгон бардык апааттарда Түркиянын биринчи жардам берген өлкө экенин маалымдады.



Тектеш кабарлар