Эрдоган жаштарга кайрылуу жасады

Эрдоган видео кайрылуусунда 15 облуста 15 башка темада ишке ашырылган кышкы лагерлердин жетинчисинин аяктаганын айтты.

1941642
Эрдоган жаштарга кайрылуу жасады

Президент Режеп Таййип Эрдоган «Түркия кылымы» көз карашын жаштар менен бирге ишке ашыра тургандарын айтты.

Президент Эрдоган, Жаштар жана спорт министрлигинин Тематикалык кышкы лагерлеринин жабылуу программасына жөнөткөн видео кайрылуусунда 15 облуста 15 башка темада өткөрүлгөн кышкы лагерлердин жетинчисинин аяктаганын айтты.

Эрдоган 30-январдан бери уланып жаткан лагерлерде жаштардын археологиядан кышкы спортко, санариптик байланыштан көркөм өнөргө, инженердиктен психология жана адабиятка чейин кеңири тармакта билим алганын баса белгиледи.

Режеп Таййип Эрдоган жаштарга «Иште, өндүр, кыялдан. Келечектен үмүтүңдү эч качан үзбө»,-деп кайрылып: «Акыркы 20 жылда жаштарыбыз менен ийиндеше туруп, өлкөбүздү тарыхынын эң чоң ийгилиги менен тааныштыргандай эле "Түркия кылымы" көз карашыбызды да жаштарыбыз менен бирге курабыз деп ишенем. Бул процессте сизден күткөн нерсе – мамлекетиңизге ишенип, өзүңүзгө ишенип, улуу элдин уул-кыздары экениңизди эч качан унутпаңыз»,-деди.

Эрдоган андан кийин Стамбулдун Султанбейли районундагы реставрациясы аяктаган Айдос чеби менен Султан коругунун ачылыш аземине катышты.



Тектеш кабарлар