Чавушоглу : «Түркияда террор коркунучу бар деген түшүнүктү жаратуу достукка туура келбейт»

Чавушоглу Стамбулда Аргентинанын тышкы иштер, эл аралык соода жана ишеним министри Сантьяго Кафиеро менен өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

1941592
Чавушоглу : «Түркияда террор коркунучу бар деген түшүнүктү жаратуу достукка туура келбейт»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу: «Түркияда террор коркунучу бар деген түшүнүктү жаратуу достукка да, союздаштыкка да туура келбейт»,- деди.

Стамбулда Аргентинанын тышкы иштер, эл аралык соода жана ишеним министри Сантьяго Кафиеро менен өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында Чавушоглу, кээ бир өлкөлөрдүн Түркиядагы өкүлчүлүктөрүн чоо-жайын бөлүшпөстөн убактылуу жаап салышынын «максаттуу» экенин айтты.

Министр Чавушоглу консулдуктардын жабылышын сынга алып: «Биз Ички иштер министрлигинен сурап жатабыз, конкреттүү маалымат бөлүшүлгөн жок. Бул жабууларды атайылап жасалган деп ойлойбуз. Кечээ муну элчилерди чакырып да айттык. Бул өкүлчүлүктөрдү жаап жатып кадамдарын бизге айтышкан жок. Бул жерде 'Түркия туруксуз, Түркияда террор коркунучу бар' деген имидж берүүнү каалап жатышса бул достукка да, союздаштыкка да туура келбейт»,- деди.



Тектеш кабарлар