Ибрахим Калын CNN International телекөрсөтүүсүндө күн тартибине баа берди

Калын CNN International телекөрсөтүүсүндө Бекки Андерсон алып барган программасына конок катары катышып күн тартибине баа берди.

1941347
Ибрахим Калын CNN International телекөрсөтүүсүндө күн тартибине баа берди

Президенттиктин катчысы   Ибрахим Калын : «Америка Конгресси (Швеция жана Финляндиянын) НАТОго мүчөлүк процессин Ф -16  программасы үчүн алдыңкы шарт катары койо турган болсо көпкө күтүшү мүмкүн. Биз бул эки процессти бири бири менен байланыштырбайбыз»,- деди.

Калын CNN International телекөрсөтүүсүндө Бекки Андерсон алып барган программасына конок катары катышып күн тартибине баа берди.  Андерсондун АКШ Конгерессинин Түркия Швеция жана Финляндиянын НАТОго мүчөлүгүнө уруксат бербей турган болсо Түркияга Ф  - 16 сатуусуна тоскоолдук кылары тууралуу билдирүүсүн эскертүүсү боюнча : «Америка Конгресси НАТО процессин Ф  - 16 программасы үчүн алдыңкы шарт катары ортого сала турган болсо көпкө күтүшү мүмкүн. Биз бул эки процессти бири бири менен байланыштырбайбыз»,- деп жооп берди Калын.

АКШнын президенти Жо Байден башкаруусунун алдыңкы шарт кошкон көз карашына кошулбагандыгын белгилеген Калын : «Бул биздин эмес дагы көп алардын маселеси. Биздин өзүбүздүн аба күчүбүз, аскерибиз бар. Албетте аскердик коргонуу тармагында жана бул тууралуу маселелерде АКШ менен кызматташуу түзүүнү каалайбыз. Бирок мындай жолду тандаша турган болсо алардын өз эрки. Бул тууралуу компремисске барбайбыз»,- деди.

Андерсон президент Режеп Таййип Эрдогандын АКШнын Түркияга Ф  - 16 бербей турган болсо АКШнын мунун беделин төлөй тургандыгына карата  бир билдирүүсүнүн бар экендигин эске салып бул беделдин эмне экендигин суроосу боюнча Калын : «Абадан коргонуу жана башка коргонуу өнөр жайынын продукциялары тууралуу Түркия тандоосуз эмес. Өзүбүздүн улуттук мүмкүнчүлүктөрүбүздү өнүктүрп жатабыз. Учкучсуз учуучу аппараттарыбыз бүткүл дүйнөгө канчалык жөндөмдүү экенин көрсөттү. Тактап айтканда кыскача биз өзүбүздүн улуттук мүмкүнчүлүктөрүбүздү өнүктүрүп жатабыз жана мунун акырында жоготкон Американын коргоо фирмалары болот»,- деди.

Ибрахим Калын Түркиянын Финляндия менен Швециянын НАТОго мүчөлүгүнө карата мамилеси тууралуу берилген суроого : «Убадаларын аткара турган болсо жана июнь айындагы акыркы НАТО саммитинде макулдашылган беренелерди аткара турган болсо Швециянын НАТОго кирүүсүн колдойбуз»,- деп жооп берди.  

Түркия менен Швеция макулдашкан шарттардын ачык жана так экендигин белгилеген Калын Швециянын үчтүк механизмдин негизинде таштаган ар бир оң кадамды ыраазычылык менен кабыл алгандарын баса белгиледи.

Калын буларды айтты : «Ушул кезге чейин ташталган кадамдарды көрүп жатабыз бирок жасалышы керек болгон дагы көптөгөн нерсе бар. Баш мыйзамды өзгөртүү үчүн убакытка муктаж кендерин айтышууда. Азыркы учурда жаңы бир террор менен күрөшүү мыйзамын жазып жатышат жана муну ишке ашыруу үчүн июнь айына чейин убакыттарынын бар экендигин айтып жатышат. Буга да макул. Ага чейин биз күтүп, иш кандай болорун көрөбүз. Негизги маселе ПКК башта болгон жана анын түрдүү уюмдары, башка тийиштүү топтор Швециядан Түркиянын улуттук коопсуздугун бутага алган бардык террордук элементтердин тамырынын жок кылынышы».

Швецияда «сөз эркиндиги чатырынын астында» Куран Каримдин өрттөлүшүнүн «кабыл алынгыс» экендигин баса белгилеген Калын буларды айтты : «Мунун Швециянын өз кызыкчылыгына  толугу менен терс экендигине ишенем. Мунун эч кимге пайдасы болгон жок. Бир гана бизден эмес бүткүл мусулман дүйнөсүнөн каршылык келди жана бул каршылык барган сайын күчөп баратат. Бир кадам таштай тургандарын ойлоп жатабыз. Мунун себеби Швеция өкмөтүнүн жакшы ниеттүү болбошу эмес бирок мыйзамдары тууралуу ушул кезге чейин абдан марттык менен мамиле кылышты. Эми болсо муну өзгөрткөндөрүн билемин. Сөз эркиндигин жана башка нерселерди бирок ошол эле учурда да диний символдорду, ыйык тексттерди коргогон дагы катуу мыйзамдарды ишке киргизүүнү каалап жатышат».



Тектеш кабарлар