Акар: «Грецияны коркутуубуз мүмкүн эмес»

Хулуси Акар билдирүү жасады.

1941330
Акар: «Грецияны коркутуубуз мүмкүн эмес»

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар: «Биздин Грецияны коркутуубуз мүмкүн эмес»,-деди.

Акар, Азербайжандын коргоо министри генерал Закир Хасанов, Грузиянын коргоо министри Хуаншер Бурчуладзе жана Түрк куралдуу күчтөрүнүн командирлери менен бирге Кышкы машыгуу-2023түн кадырлуу байкоочу күнүндө сүйлөгөн сөзүндө, Түркиянын акылга сыярлык, логикалык жана туруктуу тышкы саясатты карманып жатканын белгиледи.

Түркиянын бардык аракеттерине карабастан Грециянын провокациялык жана күчөгөн кыймылдары менен риторикаларын улантып жатканын айткан Акар, Түркиянын диалог чакырыктарынын алсыздык, ал эми «болору болдуга уруксат бербейбиз» деген сөздөрүнүн болсо коркунуч катары кабыл алынбашы керектигин баса белгиледи.

Акар: «Грецияны коркутуп-үркүтүүбүз мүмкүн эмес. Эл аралык укуктун жана жакшы коңшулук мамилелердин алкагында эмне кылуу керектигин айтабыз. Түркия эч кимге коркунуч туудурбайт, Түркия күчтүү, ишенимдүү жана таасирдүү шериктеш болуп саналат. Биз Кипрде да, Эгейде да, Чыгыш Жер Ортолук деңизинде да эч качан болоору болдуга жол берген жокпуз жана келечекте да уруксат бербейбиз. Укуктарыбызды эч качан тебелеткен жокпуз, тебелетпейбиз. Укуктарыбызды жана мыйзамдарыбызды коргоого чечкиндүүбүз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар