Turkish Cargoнун SMARTIST жарнамасы
Түрк аба жолдорунун (THY) жүк ташуучу фирмасы Turkish Cargoнун мега трансфер борбору SMARTISTди даңазалаган «Дүйнөдө көргөндөр: Стамбулдан» коммерциялык тасмасы жарык көрдү.

Түрк аба жолдорунун (THY) жүк ташуучу фирмасы Turkish Cargoнун мега трансфер борбору SMARTISTди даңазалаган «Дүйнөдө көргөндөр: Стамбулдан» коммерциялык тасмасы жарык көрдү.
THY басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, сериалдын үч бөлөк бөлүмүндө тартылган биринчи тасмасы Түштүк Азияда өстүрүлгөн жана ошол эле күнү Америкада бир ресторанда сунуш кылынган Баррамунди балыктарынын океан аралык саякаты тууралуу.
Экинчи тасмада Парижде аукционго коюлган Кытай династиясына таандык баалуу керамика Францияга кандайча алынып кеткени баяндалат.
Африкада өндүрүлгөн мүйүздүү коондун саякаты тууралуу болгон үчүнчү тасма Япониядагы бир азык-түлүк кассасында өтөт.
Тасмалардын аягында ар бири ар кайсы өлкөдөн келген бул өнүмдөрдүн Стамбулдан келгенин уккандар таң калгандарын жашыра алышпай «Дүйнөнүн логистикалык борбору: SMARTIST» дегенге басым жасалды.
Стамбул аэропортунда бир чатырдын астындагы эң чоң өнөр жай имараты болуу үчүн долбоорлонгон SMARTIST 50дөн ашуун өлкөгө 4 сааттык учуу аралык менен уникалдуу жерде.
Автоунаадан тез бузулуучу тамак-ашка чейин дүйнөнүн ар тарабынан келген кеңири ассортименттеги продукциялар алгач SMARTIST тарабынан токтойт жана андан кийин THYнын кеңири учуу тармагындагы өлкөлөргө таратылат.
Мега объект өзүнүн уникалдуу жайгашкан жери жана көлөмү менен гана эмес, логистика, сактоо, автоматташтыруу жана акылдуу система технологиялары менен да өзгөчөлөнөт. Turkish Cargo компаниясынын учуу тармагындагы лидерлиги жана инфраструктуралык инвестициялары Стамбулдун уникалдуу географиялык артыкчылыктары менен айкалышканда, SMARTIST эл аралык соода үчүн уникалдуу өткөөл каалгасына ээ болот.
Тектеш кабарлар

Эрдоган Кахраманмарашта турак үйлөрдүн пайдубалын түптөө аземине катышты
Эрдоган учурдагы план боюнча бир жылда 319 миң турак жай жана айыл үйүн кура тургандарын маалымдады.

Коммуникация башкармалыгы "Кылымдын апааты" кампаниясын баштады
Коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун кампания тууралуу баа берди.