Стамбул өз калкынын санына барабар туристти кабыл алды

Облустук маданият жана туризм башкармалыгы маалымат берди.

1940599
Стамбул өз калкынын санына барабар туристти кабыл алды

2022-жылы Стамбулга келген чет элдик туристтердин саны мурунку жылга салыштырмалуу 77 пайызга өсүп 16 миллион 18 миң 726га жетти.

Облустук маданият жана туризм башкармалыгынын маалыматына караганда, 2022-жылы шаарга келген чет элдик туристтердин саны 16 миллион 18 миң 726ны түздү.

Мурунку жылы 9 миллион 25 миң 4 киши зыярат кылган шаарга 2022-жылы келген турист саны 6 миллион 993 миң 722 кишиге өстү.

Мурунку жылы эң көп немистер келген Стамбулда 2022-жылы орустар биринчиликти алды.

Өткөн жылы шаарга 1 миллион 495 миң 24 орусиялык келди.

Орусиядан кийин 1 миллион 237 миң 314 турист менен Германия, 1 миллион 97 миң 993 турист менен Иран, 717 миң 107 турист менен АКШ, 613 миң 199 турист менен Англия, 567 миң 475 турист менен Франция, 473 миң 563 турист менен Израиль, 423 миң 945 турист менен Ирак, 390 миң 35 турист менен Сауд Арабия, 388 миң 926 турист менен Кувейт турат.



Тектеш кабарлар