Чавушоглу Эстонияда

Чавушоглу Эстониянын борбор шаары Таллинде Эстониянын тышкы иштер министри Урмас Реинсалу менен жолугушкандан кийин биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

1940747
Чавушоглу Эстонияда

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Швециядагы провокациялардын жана провокаторлордун максатынын бул өлкөнүн НАТОго мүчөлүгүнө бөгөт коюу экенин белгилеп, Стокгольм башкаруусунан үч тараптуу келишимдеги милдеттенмелерин аткаруу үчүн конкреттүү кадамдарды күткөндөрүн айтты.

Чавушоглу Эстониянын борбор шаары Таллинде Эстониянын тышкы иштер министри Урмас Реинсалу менен жолугушкандан кийин биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Финляндия жана Швециянын НАТОго мүчөлүк арыздарына байланыштуу маалымат берген Чавушоглу, бул эки өлкөнүн коопсуздук тынчсыздануусун түшүнүшкөндөрүн, Түркиянын НАТОнун чыгыш канатында альянстын миссияларын жана иш-аракеттерин күчтөндүрүү үчүн колунан келгендин баарын кылганын айтты.

Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүк үчүн кайрылганда Түркиянын өз тынчсыздануусун билдиргенин жана бул эки өлкө менен сүйлөшүүлөрдөн кийин Мадридде үч тараптуу түшүнүшүү меморандумуна кол коюлганын баса белгилеген Чавушоглу, Швеция менен Финляндиянын бул түшүнүшүү меморандумунун ишке ашырылышы боюнча милдеттенмелери бар экенине көңүл бурду.

Чавушоглу Швецияда жаңы өкмөт түзүлгөнүн жана дагы күчтүү саясий эркти көргөндөрүн белгилеп, сөзүн мындайча улантты: «Саясий эрк билдиришкени менен биздин жолугушууларда же алар белгилүү бир билдирүү жасаганда азырынча эч кандай конкреттүү кадамдарды көрө элекпиз. Өзгөчө Швециядан бизди канааттандырган так кадамдарды көрө элекпиз. Ушул үч тараптуу өз ара түшүнүшүү меморандумунун ишке ашырылышы үчүн алардан конкреттүү кадамдарды күтөбүз. Достор жана союздаштар катары бири-бирибиздин мыйзамдуу коопсуздук маселелерин түшүнүшүбүз керек. Бир тараптуу тынчсызданууну түшүнүү жетиштүү болбойт»,-деди.

Түркиянын Финляндия менен Швециянын мүчөлүк процесстерин бөлүү чечимин кабыл алдыбы деген суроого жооп берген Чавушоглу, президент Режеп Таййип Эрдоган жана өзүнүн Финляндиянын НАТОго мүчөлүгүнө байланыштуу көйгөйлөрдүн азырак экенин башынан бери айтып келгенин билдирди.

Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүк процесстерин бөлүүнүн өзүнүн милдети эмес экенин да белгилеген Чавушоглу, мунун эки өлкөгө байланыштуу абал жана эки өлкөнүн мүчөлүк арызына байланыштуу кол коюлган үч тараптуу келишим экенин эске салды.

Министр Чавушоглу: «Бирок бул баскычта Түркиянын ушул мүчөлүк процессти бөлүү сыяктуу ниети жок. Бул НАТОнун алкагында таштала турган кадам. Эгер эки өлкө мүчөлүк процесстерин бөлүүнү чечсе, НАТО бул мүчөлүк процесстерин бөлүүгө чечим чыгарса, албетте Түркия Финляндиянын мүчөлүк процессине өзүнчө баа берет»,-деди.

Чавушоглу Швецияда акыркы апталарда болгон провокациялар «Орусия тарабынан жасалды» деген дооматтарга байланыштуу суроого: «Мен «бул өлкө, тигил өлкө же бул топ, бул провокациянын артында ушул топ турат» деп айта албайм, бирок бул провокациянын жана провокаторлордун максаты Швециянын мүчөлүгүнө бөгөт коюу экенин ачык айта алам»,-деп билдирди.

Бир тараптан тышкы иштер министри Чавушоглу расмий сапар менен барган Эстонияда президент Алар Карис тарабынан кабыл алынды.

Министр Чавушоглу жолугушуу тууралуу Твиттерден: «Президент Режеп Таййип Эрдогандын саламын Эстониянын президенти Алар Кариске жеткирдик, Анталья дипломатия форумуна чакырдык»,-деп маалымдады.



Тектеш кабарлар