Түркия БУУнун Тынчтык күчү миссиясынын манатын узартышына каршылык көрсөттү
Кипр аралында жайгашкан Бириккен Улуттар Уюмунун Тынчтык күчү миссиясынын мандатын бир жылга узартуу чечимине Түркия каршылык көрсөттү.
Кипр аралында жайгашкан Бириккен Улуттар Уюмунун Тынчтык күчү миссиясынын мандатын бир жылга узартуу чечимине Түркия каршылык көрсөттү.
Тышкы иштер министрлиги Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Кипр аралында жайгашкан Бириккен Улуттар Уюмунун Тынчтык күчү миссиясынын(UNP) мандатын узартуу чечимине байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.
Билдирүүдө БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2023-жылдын 30-январында кабыл алынган 2674 номердеги чечими менен БУУнун Тынчтык күчү миссиясынын мандатын бир жылга узартканы белгиленди.
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин аталган чечимге байланыштуу билдирүүсү толугу менен колдоого алынгандыгы билдирилген маалыматта : «БУУнун башкы катчысынын отчетторунда орун албаганына карабастан аянттагы чындыктардан алыс Кеңештин Түндүк Кипр Түрк Республикасынын эки мамлекеттүү чечүүчү жол багытында ортого салган эркин көрмөксөнгө салганы жана чечүүчү моделдерди талап кылганы көрүнүүдө. Бул абал акыл-эске жана жакшы ниет менен дал келбейт. Кеңештин аралда чыныгы мааниде чечүүчү жолду кубаттоонун ордуна Кипр Рум тарабынын күн тартибинен чыга албагандыгын көрсөтүүдө» - деп айтылды.
Билдирүүдө : "Кипрде адилеттүү жана туруктуу чечимге жол ача турган орток негиз ал жердеги чындыктарга негизделиши керек. Ушунун негизинде Коопсуздук Кеңеши жана эл аралык коомчулук аралдагы эки башка эл, эки башка мамлекет чындыгынан улам Кипр түрк калкы ээ болгон укуктарын, эгемендигин жана аларды тең эл аралык статусун тастыктоого, ТКТРди таанууга чакырабыз»,-деп билдирилди.