Түркия Пакистандагы кол салууну катуу айыптады
Тышкы иштер министрлиги билдирүү жарыялады.

Түркия Пакистандагы мечитке жасалган террордук кол салууну катуу айыптады.
Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Пешавер шаарындагы мечитти бутага алган террордук кыймылдын натыйжасында көп сандаган жарандын каза болушу жана жаракат алышынын терең кайгыга салганы белгиленди.
Билдирүүдө: «Бул жийиркеничтүү террордук актыны эң катуу түрдө айыптайбыз, кол салууда каза болгондорго Аллахтан ырайым тилеп, дос жана боордош Пакистан өкмөтү менен элине көңүл айтабыз, жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз» деген сөздөр камтылды.
Пакистандын Пешавер шаарында түшкү намаз учурунда мечитке жасалган жанкечтилик кол салууда полиция кызматкерлери да арасында болгон көп сандаган киши каза болуп, жаракат алды.
Тектеш кабарлар

Тогг Антальяда чоң кызыгуу көрдү
Автоунаа сүйүүчүлөрү Тоггду абдан жактырышкандарын айтып, фото жана видеого тартышкан.