Шентоп синагогага болгон кол салууну айыптады
Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) төрагасы Мустафа Шентоп кол салуу тууралуу социалдык медиа эсебинде бөлүштү.
1939126

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) төрагасы Мустафа Шентоп Чыгыш Кудстагы синагогага кол салууну айыптап, каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.
Шентоп кол салуу тууралуу социалдык медиа эсебинде бөлүшүп:«Кудстагы синагогага болгон кол салууларды айыптайм. Ибадатканаларга жана ибадатканалардагы адамдарга болгон кол салуулар эч качан кечирилбейт. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтам. Бейкүнөө жарандардын өмүрүн алган бул коркунучтуу зомбулуктун күчөшү аймактын коопсуздугун коркунучка салууда»,-деп жазды.
Жума күнү кечинде басып алынган Чыгыш Кудстагы жөөт отурукташкан жериндеги синагогага жакын жерде болгон куралдуу кол салууда 7 киши каза болуп, 3 киши жараланган.