Эрдоган социалдык медиада эң көп жолдоочусу болгон лидерлердин бири
Италиянын Санарип фондунун «санариптик байкоо» отчетуна таянган Италиянын ANSA агенттигинин кабарына караганда, Фейсбук, Инстаграм жана Твиттер негизинде жүргүзүлгөн изилдөөдө 24 мамлекет же өкмөт башчынын социалдык медиа эсептери анализденди.

Италиядагы санариптик маалыматтарды талдоочу фонддун изилдөөсүнө ылайык, Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган социалдык медиада эң көп жазылган лидерлердин арасында болду.
Италиянын Санарип фондунун «санариптик байкоо» отчетуна таянган Италиянын ANSA агенттигинин кабарына караганда, Фейсбук, Инстаграм жана Твиттер негизинде жүргүзүлгөн изилдөөдө 24 мамлекет же өкмөт башчынын социалдык медиа эсептери анализденди.
Бул изилдөөгө ылайык, социалдык медиада эң көп жазылган дүйнө лидерлери; Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден, президент Эрдоган жана Украинанын президенти Владимир Зеленский болду.
Санариптик байкоо фондунун расмий өкүлдөрүнүн бири Сандро Жорджетти: «Лидерлердин эң көп колдонгон үч социалдык медиа платформасын эске алсак, жолдоочу саны жагынан Байдендин 66 миллиондон ашык жолдоочусу менен алдыга чыкканы, экинчиде 40 миллиондон ашык жолдоочусу менен Эрдоган жана 27 миллиондон ашык жолдоочусу менен Зеленский турат. Зеленскийдин Украинадагы кагылышуудан улам пайда болгон коомдук кызыкчылыктан улам берки экөөнө караганда эл аралык жолдоочулары көбүрөөк»,-деп айтты.
Эрдоган менен Зеленскийдин ишенимдүү жолдоочулары бар экенин жана ар бир жарыялаган мазмуну менен өзүнчө күйөрман тобун түзүшкөнүн белгилеген Жиоржетти, Бразилиянын президенти Луис Инасио Лула да Силванын да социалдык медиада эң көп мазмун жарыялаган жана эң активдүү мамлекет башчыларынын бири экенин белгиледи.
Бул ысымдардан кийин Египеттин президенти Абдель Фаттах эс-Сиси, Британиянын премьер-министри Риши Сунак жана Италиянын премьер-министри Жоржия Мелонинин турганы билдирилди.
Тектеш кабарлар

Түрк аба жолдору Лусакага каттамдарын кайра баштады
Лусакага биринчи каттам Boeing 737-8 Max учагы менен аткарылды.