Президент Эрдоган Денизлиде

Президент Режеп Таййип Эрдоган Денизлидеги массалык ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

1939051
Президент Эрдоган Денизлиде

Президент Режеп Таййип Эрдоган Денизлидеги массалык ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

Эрдоган : "Акыркы 20 жылда Денизлиге 35 миллиард лиралык мамлекеттик инвестиция салдык. Билим берүү тармагында 4 миң 264 жаңы  класс ачтык. Жаштар жана спорт боюнча жогорку окуу жайлары үчүн жалпы 8 миң 104 орундуу жатаканаларды курдук. Жалпы  53 даана спорттук объектини курдук

Шаарыбыздагы муктаж болгон жарандарыбызга 3 миллиард лиралык булак менен жардам бердик. Саламаттыкты сактоо тармагында 38 саламаттыкты сактоо мекемесин пайдаланууга бердик, анын 14ү оорукана. Учурда миң орундуу оорукана шаарчасынын курулушу жүрүп жатат», - деди.

Президент Денизлиде айыл чарба жана токой чарбасында 18 дамба, 1 ичүүчү суу объект, 75 ирригациялык объект, 6 жерди ирилештирүү, 91 селден коргоочу объект, 10 көлмө, 3 жер астындагы кампа жана 11 ГЭСтин объектилерин курушкандарын айтты.



Тектеш кабарлар