Президент Эрдогандын катышуусунда алтын кенинин ачылышы болду

Президент Эрдоган «Сөгүт алтын кен ишканасынын ачылышы жана биринчи алтын куюу аземинде» сөз сүйлөдү.

1938850
Президент Эрдогандын катышуусунда алтын кенинин ачылышы болду

Билежикте табылган алтын кени президент Режеп Таййип Эрдогандын катышуусунда ачылды.

Президент Эрдоган «Сөгүт алтын кен ишканасынын ачылышы жана биринчи алтын куюу аземинде» сөз сүйлөдү.

Эрдоган: «Биз жаңы ачылыштар менен ата мекендик алтын өндүрүшүн көбөйтүүнү максат кылып жатабыз»,- деди.

2021-жылдын январь айынан тарта башталган кен казуу аймагында жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында 60 тонна алтын запасы аныкталган.

Ишкана биринчи этапта жылына 2,5 тоннага чейин алтын өндүрүү кубаттуулугу менен иштейт. 3 жылдын ичинде аткарыла турган иштердин негизинде объекттин жылдык өндүрүш көлөмү болжол менен 6,5 тоннага чейин өсөт.

Эрдоган Кара деңизде табылган 710 миллиард метр куб жаратылыш газ запасынада да токтолуп: «Улутубузга убада кылгандай марттын аягынан тарта Кара деңиз газын үйлөргө жеткире баштайбыз»,-деп сүйүнчүлөдү.

Адана жана Жизредеги ачылыштар менен мунай өндүрүшүн жогорулаткандарын баса белгилеген президент: «Мерсинде Аккую атомдук станциясынын курулушу үзгүлтүксүз уланууда. Биз быйыл атомдук электр станциябыздын биринчи агрегатында электр энергиясын иштеп чыга баштайбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар