Даниянын Анкарадагы элчиси министрликке чакыртылды
Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Данияда бүгүн Куранга каршы кол салууга уруксат берилгени белгиленди.

Данияда Куранга каршы кол салууга уруксат берилгенден кийин Даниянын Анкарадагы элчиси (Дэнни Аннан) Тышкы иштер министрлигине чакыртылды.
Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Данияда бүгүн Куранга каршы кол салууга уруксат берилгени белгиленди.
Мындан улам Даниянын Анкарадагы элчисинин министрликке чакыртылгандыгы маалымдалган билдирүүдө: «Элчиге, жек көрүүчүлүк кылмышы болгон бул чагымчыл аракетке уруксат берилишин эң катуу айыптай тургандыгыбыз жана Даниянын мамилесинин кабыл алынгыс экендиги айтылып, бул аракетке жол берилбешин күткөнүбүз баса белгиленди»,- деп кабарланды.
Бир тараптан Куранга карата кол салууларга байланыштуу тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) баш катчысы Хүсейин Ибрахим Таха менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда Чавушоглу менен ИКУнун баш катчысы Таха телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.
Сүйлөшүүдө Куранга жасалган кол салуулар жана бул кол салууларга Ислам дүйнөсүнүн реакциялары талкууланды.
Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын да социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө, сөз эркиндигинин ыйык баалуулуктарга кол салуу үчүн колдонулбай турганын айтты.
Калын: «Европа да Исламга кол салууларга каршы чара көрүшү керек»,- деп билдирди.
Швециянын борбору Стокгольмдо даниялык ашынган оңчул Катуу багыт партиясынын лидери Расмус Палудан 21-январда Түркиянын Стокгольмдогу элчилигинин алдында Куранды өрттөп, полициянын коргоосу астында болгон кыймылда Палуданга эч кимди жакындаткан эмес.
Нидерландияда болсо Батыштын исламдашуусуна каршы Патриот европалыктар (PEGIDA) кыймылынын лидери Эдвин Вагенсвелд 22-январда Гаагада жалгыз өткөргөн митингде Куранды айрып салган.
Эки кол салууга тең Түркия жана Ислам өлкөлөрү катуу реакция кылышкан.