Улуттук Коопсуздук Кеңешинин билдирүүсү

Улуттук Коопсуздук Кеңеши Түркиянын улуттук коопсуздук жана кызыкчылыктарын бутага алган аракеттерге уруксат берилбей тургандыгын баса белгиледи.

1938048
Улуттук Коопсуздук Кеңешинин билдирүүсү

Улуттук Коопсуздук Кеңеши Түркиянын улуттук коопсуздук жана кызыкчылыктарын бутага алган аракеттерге уруксат берилбей тургандыгын баса белгиледи.

Улуттук Коопсуздук Кеңеши президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде чогулду.

Жыйындан кийин жарыяланган билдирүүдө : «Грециянын жүргүзүп жаткан провокациялык кыймылдары жана айткан сөздөрү менен куралдануу аракеттеринин аймагыбыздагы чыңалууну күчөтүүдөн башка пайда алып келбей тургандыгы белгиленип, Түркиянын улуттук коопсуздугун жана кызыкчылыктарын бутага алган кандайдыр бир аракетке уруксаттын берилбей тургандыгы дагы бир жолу баса белгиленди»,- деп айтылды.

Түркиянын НАТОнун ачык каалга саясатын колдогондугу белгиленген билдирүүдө булар айтылды : «Бир тараптан НАТО альянсына кирүүнү каалаган мамлекеттердин да альянстын мыйзамына ылайык аракет кылуулары керектиги баса белгиленип, ПКК/КЖК -ПЙД/ЙПГ менен ФЕТӨ башта болгон башка террордук уюмдар менен күрөшүү тууралуу меморандумдан келип чыккан милдеттерин так кадамдар менен эртерээк аткарууларынын зарылдыгы билдирилди.

Исламга каршы расизмдин бир көрүнүшү болгон жана миллиарддаган адамдардын  баалуулуктарын бутага алган жийиркеничтүү кол салуулар катуу айыпталды; дин, абийир жана ой эркиндиги сыяктуу баалуулуктарга шек келтирип, демократия жана сөз эркиндиги менен түшүндүрүүгө болбой турган аракеттерге үндөгөн жана коргогондордун адам укуктарын жокко чыгарып бул жек көрүүчүлүк кылмышына шериктеш экендиги эскертилди».



Тектеш кабарлар