Мевлүт Чавушоглу Швеция жана Израилге каршылык көрсөттү
Мевлүт Чавушоглу Сербиянын премьер- министринин орун басары жана Тышкы иштер министри Ивица Дачич менен борбор шаар Анкарада биргелешкен пресс- жыйын өткөрдү.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Швеция өкмөтүнүн Куран Каримдин өрттөлүшү сыяктуу жийиркеничтүү кыймылдарга уруксат берип, бул кылмышка шериктеш болгондугун белгиледи.
Мевлүт Чавушоглу Сербиянын премьер- министринин орун басары жана Тышкы иштер министри Ивица Дачич менен борбор шаар Анкарада биргелешкен пресс- жыйын өткөрдү.
Даниялык ашыкча оңчул Каттуу багыт партиясынын лидери Расмус Палудандын 21 -январь ишемби күнү Түркиянын Стокгольм элчилигинин алдында КуранКаримди өрттөгөнүнө токтолгон Чавушоглу : «Швециядагы жийиркеничтүү аракет жек көрүү кылмышы, расистиккыймыл. Швеция башкаруусу бул аракетке уруксат берип, ага шериктеш болду, эч ким бизге бир нерсе айтууга аракет кылбасын»,- деди.
НАТОго мүчө болуу үчүн оболу Түркиянын террор менен күрөшүү тууралуу шарттарын орундатарына байланыштуу убада берип жана террорго колдоо берүүнү уланткан Швециянын чечим чыгарышы керектигин баса белгилеген Чавушоглу : «НАТОго мүчө болууну каалайсыңарбы, каалабайсыңарбы?»,- деп бул өлкөгө каршылык көрсөттү.
Бир тараптан Батыш Шериадагы Женин качкындар лагерине карата 9 палестиналык каза болгон, 16 киши жараланган Израиль күчтөрүнүн кол салуусуна да каршылык көрсөткөн Чавушоглу : «Израиль өкмөтүнөн мындай кол салуу жана провокациялардан алыс болушун суранабыз»,- деди.