Эрдоган Газада жараланган палестиналык бир туугандарды кабыл алды
Президент Режеп Таййип Эрдоган Газада жарадар болуп Түркияда дарыланып жаткан палестиналык бир туугандар Рахаф жана Мухаммед Халил Салманды кабыл алды.
1938400

Президент Режеп Таййип Эрдоган Газада жарадар болуп Түркияда дарыланып жаткан палестиналык бир туугандар Рахаф жана Мухаммед Халил Салманды кабыл алды.
Борбор шаар Анкарада Президенттик комплекстеги кабыл алуу басма сөзгө жабык өттү.
11 жаштагы палестиналык кыз Рахаф жана анын 13 жаштагы бир тууганы Мухаммед Халил 2022 - жылдын 6 - августунда Газа тилкесинин түндүгүндөгү Жабалияга Израилдин ракетасынын сыныктарынын келип түшүшү улам жарадар болушкан.
Президент Эрдогандын көрсөтмөсү боюнча 2022 - жылдын 18 - августунда Саламаттыкты сактоо министрлигинин тез жардам учагы менен Түркияга алып келинген палестиналык бир туугандар Анкара оорукана шаарчасында дарыланышты.