Эл Бабда террордук уюм ДЕАШтын мүчөсү 15 киши кармалды
Эл Баб жергиликтүү коопсуздук күчтөрү Газиантеп облустук жандармерия командирлигинин Сирия ыкчам тобунун колдоосу менен райондогу ДЕАШ клеткаларына каршы операция жүргүздү.


Сириянын түндүгүндөгү Эл Бабда террордук уюм ДЕАШтын мүчөсү 15 киши кармалды.
Эл Баб жергиликтүү коопсуздук күчтөрү Газиантеп облустук жандармерия командирлигинин Сирия ыкчам тобунун колдоосу менен райондогу ДЕАШ клеткаларына каршы операция жүргүздү.
Операцияда араларында уюмдун жогорку мартабалуу жетекчиси да болгон 15 киши кармалды.
Мындан тышкары 4 мылтык, 85 патрон жана көптөгөн санариптик материалдар колго түшүрүлдү.
Бир тараптан Ички иштер министрлиги Ванда Эрен блокада күз - кыш – 25 операциясынын баштатылгандыгын билдирди.
Министрликтен берилген маалыматта ПКК жикчил террордук уюмду күн тартибинен чыгаруу жана аймакта экендиги аныкталган террористтерди жок кылуу максатында Ванда баштатылган операцияга 480 кызматкердин катышкандыгы белгиленди.
Маалыматта өлкө ичинде террордун толугу менен жок кылынышына карата жүргүзүлгөн Эрен блокада күз - кыш операцияларынын элдин колдоосу, ишеничи жана чечкиндүүлүгү менен ийгиликтүү улантылып жаткандыгы баса белгиленди.