Стамбулда Түрк дүйнөсүнүн семинары өттү

Семинарга Аксакалдар кеңешинин төрагасы Бинали Йылдырым жетекчилик кылды.

1936824
Стамбулда Түрк дүйнөсүнүн семинары өттү

Түрк дүйнөсүнүн 2040 Көз карашы боюнча Түркия семинары Стамбулда өттү.

Семинарга ТМУнун Аксакалдар кеңешинин төрагасы Бинали Йылдырым жетекчилик кылды.

Йылдырым семинарда сүйлөгөн сөзүндө Түркиянын коргоо өнөр жайындагы тажрыйбасынын дүйнө тарабынан бааланганын белгилеп, түрк мамлекеттеринин бул тармактагы кызматташтыгынын маанисин түшүндүрдү.

Түркиянын акыркы жыйырма жылда саламаттыкты сактоо тармагында маанилүү бир өзгөрүү жасаганын баса белгилеген Йылдырым, Түркиянын саламаттык сактоо моделин ишке ашыруу үчүн көптөгөн өлкөнүн колдоо издегенин белгиледи.

Йылдырым:«Саламаттык сактоо тармагындагы бул өзгөрүү Түркияда гана эмес, бүткүл дүйнөдө да сезилди жана кызыгуу пайда болду. Көптөгөн өлкөлөрдө биздин саламаттыкты сактоодогу трансформациябызды, бул моделди ишке ашыруу үчүн Түркиядан колдоо сурашты. Түркия бул колдоону Жакынкы Чыгышта эмитен берүүдө. Түркиядагы саламаттыкты сактоо моделинин АКШ  жана Европада жок экенин оңой эле айта алабыз»,-деди.

Украина-Орусия кризиси менен энергия коопсуздугунун маанисинин түшүнүлгөнүн баса белгилеген Йылдырым: «Энергетикалык коопсуздукту камсыз кыла турган өлкөлөр биздин чөлкөмүбүздөгү өлкөлөр. Ошондуктан бул жердеги түрк мамлекеттерин булак өлкө катары да, ташуучу өлкө катары да көрүп жатабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар