Ибрахим Калын, Өмер Челик Нидерландияга каршылык көрсөттү

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын Нидерландиянын Гаага шаарында Куран бутага алынган кол салууга каршылык көрсөттү.

1937250
Ибрахим Калын, Өмер Челик  Нидерландияга каршылык көрсөттү

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын Нидерландиянын Гаага шаарында Куран бутага алынган кол салууга каршылык көрсөттү.

Калын социалдык медиа эсебинен буларды билдирди : «Швециядан кийин Нидерландияда ыйык китебибиз Куранды бутага алган кол салууну катуу айыптайбыз. Караңгы демиңер менен Аллахтын нурун өчүрө албайсыңар. Эркиндик жана сабырдуулук үчүн бул фашисттик жек көрүү кылмышын эч ким коргой албайт. Европа бул караңгы багытты токтотууга мажбур».

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын катчысы Өмер Челик социалдык медиа эсебинен кол салууну айыптагандарын баса белгилеп : «Нидерландия мекемелери бул фашисттик кол салууга каршы ачык позицияны карманышы керек. Адамзатка каршы жасалган кылмыштар Европа шаарларында адамзаттык баалуулуктарга шек келтирүүдө. Бул бардык Европанын  демократиялары үчүн коркунуч. Фашисттер бардык диндерге жана адамдык баалуулуктарга коркунуч туудурат. Аларга каршы биргелешкен күрөш өтө маанилүү",- деп билдирди.

 



Тектеш кабарлар