Эрдогандын Швецияны эскертүүсү дүйнөлүк басма сөздө

Даниянын ашкере оңчул Катуу багыт партиясы Расмус Палудандын Курани Каримге кол салуусунан кийин президент Режеп Таййип Эрдогандын Швеция башкаруусуна каршы чыгуусу дүйнөлүк басма сөздө...

1937194
Эрдогандын Швецияны эскертүүсү дүйнөлүк басма сөздө

Даниянын ашкере оңчул Катуу багыт партиясы Расмус Палудандын Курани Каримге кол салуусунан кийин президент Режеп Таййип Эрдогандын Швеция башкаруусуна каршы чыгуусу дүйнөлүк басма сөздө...

Швециянын «Aftonbladet» гезити Эрдогандын сөздөрүн баш макалаларга чыгарды.

Макалада Стокгольм университетинин Түрк изилдөөлөр институтунун директору доктор Пол Левиндин «Ыйык Курани Каримге болгон кол салуу чыдамды кетирген акыркы тамчы» деген сөздөрү камтылган.

«Svenska Dagbladet» гезити да Швеция НАТОго кайрылуусунда колдоо ала албасын жазып, Финляндия Швециядан көз карандысыз НАТОго мүчө боло аларын жазды.

Лондондо жайгашкан Рейтер агенттиги да Эрдогандын билдирүүлөрүнө басым жасап, акыркы абалдар Түркия менен Швециянын ортосундагы чыңалууну арттырганын белгиледи.

Британиялык BBC, Франциянын Ouest France, Катарда жайгашкан Al Jazeera президент Эрдогандын Швецияны эскерткенине көңүлдөрдү бурду.

Америкалык Washington Post гезити да президент Эрдогандын каршы чыгуусун «Палудандын демонстрациясына уруксат берүүнүн кесепети» деп баалады.

Палудандын Курани Каримге кол салуусунан кийин президент Эрдоган Швеция башкаруусуна каршылык көрсөтүп: «Бизден НАТО боюнча эч кандай колдоо ала албайсыз. Өлкөбүздүн элчилигинин алдында ушундай шермендечиликке себепкер болгондор мындан ары НАТОго мүчө болуу арыздары боюнча бизден эч кандай жакшылык күтпөй турганы анык»,-деп айткан.



Тектеш кабарлар