Акар : "Зап аймагы чон өлчөмдө террористтерден тазаланды"

Хулуси Акар кечээ борбор шаар Анкарада журналисттредин суроолоруна жооп берди.

1937212
Акар : "Зап аймагы чон өлчөмдө террористтерден тазаланды"

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Ирактын түндүгүндөгү Зап аймагынын чоң бөлүгүнүн террористтерден тазалангандыгын билдирди.

Хулуси Акар кечээ борбор шаар Анкарада журналисттредин суроолоруна жооп берди.

Зап аймагындагы террор буталарына карата жүргүзүлүп жаткан «Чеңгел  -  Ачкыч» операциясындагы акыркы абал тууралуу берилген суроого жооп берген Акар Түркиянын эң башта Ирак жана Сирия болгон бардык коңшуларынын чек арасына, эгемендик укуктарына жана жеринин бүтүндүгүнө сый көрсөткөндүгүн айтты.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн бир гана максаты террористтер экендигин баса белгилеген Акар : «Биз аткарган бир гана нерсе өлкөбүздү, улутубузду коргоо жана коопсуздугу. Бул үчүн иштеп, аткарылыш керек болгон эмне бар болсо аткарып жатабыз»,- деди.

Террор менен күрөшүүнүн чечкиндүүлүк менен улантылып жаткандыгын айткан Акар буларды белгиледи : "Чеңгел  -  Кулпу операциясында белгилүү бир этапка келди. Зап аймагы чоң өлчөмдө террористтерден тазаланды. Ал жерге көп жылдардан бери отурукташкан террористтердин үңкүрлөрүнө кирилди. Алардын баш калкалоочу жайлары, үңкүрлөрү  жок кылынды. «Чеңгел  - Кулпу» операциясы менен Ирак чек арасындагы 302 километрдик тилке коопсуз абалга келтирилди. Операцияда ушул убакка чейин 506 террорист жок кылынды. Операциянын алкагында террористтер колдонгон 600гө жакын үңкүр, баш калкалоочу жай, 2 миңден ашуун мина жана колго жасалган жардыруучу заттар жок кылынды. Мехметчик операцияда террористтерге таандык 1174 мылтык жана 533 миң 275 ок-дарыны колго түшүрдү».

 



Тектеш кабарлар