Ландрут: «Стамбулда саммит болот»

Европа Биримдигинин (ЕБ) Түркия өкүлчүлүгүнүн башчысы, элчи Николаус Мейер-Ландрут басма сөзгө маалымат берди.

1936674
Ландрут: «Стамбулда саммит болот»

Европа Биримдигинин (ЕБ) Түркия өкүлчүлүгүнүн башчысы, элчи Николаус Мейер-Ландрут, Орусия-Украина согушунун бир жылдыгына байланыштуу 22-февралда Стамбулда чоң саммиттин өткөрүлөрүн билдирди.

Мейер-Ландрут басма сөзгө берген маалыматында Орусия-Украина согушунун бир жылдыгына байланыштуу Стамбулда саммит боло турганын, 22-февралдагы саммитке Украинанын өкмөт өкүлү да чакырыла турганын айтты.

Саммитте Түркиядан өкүл боло турганын билдирген Мейер-Ландрут согуштун геосаясий жана экономикалык кесепеттеринин карала турганын белгиледи.

Мейер-Ландрут төмөнкү сөздөрдү колдонду: «Бул дагы Украинага колдоо көрсөтүүнүн бир жолу. Өткөн жылы, 24-февралда Орусиянын агрессиясынын башталышы Европанын тарыхында аныктоочу учур болгон. Европа тарыхы биздин жалпы географиябыз. Адамдар көбүнчө 9-11-сентябрдагы Американын коопсуздук тарыхына кайрылышат.Ал бул өзгөрүү учуру дешти. Мен 2022-жылдын 24-февралында Европадагы коопсуздуктун ушуга окшош маанилүү кырдаалы бар деп айта алам. Биздин континентте согуш болуп жатат, ырайымсыз чоң согуш, кесепеттери Европа континентинен да алыс болгон согуш».

Мейер-Ландрут согуштун натыйжалары Украинадан эбак эле ашып, баарына таасир эткенин белгиледи.



Тектеш кабарлар