Эрдоган:«Мусулмандардын диний ишенимдерин сыйлабасаңыз,бизден колдоо ала албайсыз»
Президент Режеп Таййип Эрдоган борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн өкмөт жыйынынан кийин билдирүү жасады.


Президент Режеп Таййип Эрдоган Швецияда Курани Каримдин өрттөлүшүнө байланыштуу:«Түркия Республикасынын же мусулмандардын диний ишенимдерин сыйлабасаңыз, НАТО боюнча бизден эч кандай колдоо ала албайсыз»,-деди.
Президент Эрдоган борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн өкмөт жыйынынан кийин билдирүү жасады.
Эрдоган Швециянын борбор шаары Стокгольмдогу Түркия элчилигинин алдында Даниянын ашкере улутчул Катуу багыт партиясынын лидери Расмус Палудандын Курани Каримди өрттөөгө уруксат бергенине катуу жооп кайтарды.
«Түркия Республикасынын же мусулмандардын диний ишенимдерин сыйлабасаңыз, НАТО боюнча бизден эч кандай колдоо ала албайсыз»,-деп айткан Эрдоган: «Биздин элчиликтин алдында ушундай шерменделик кылгандар НАТОго мүчө болуу арыздары боюнча бизден эч кандай жакшылык күтпөшү керек»,- деди.
Даниянын ашынган улутчул Катуу багыт партиясынын лидери Расмус Палудан ишемби күнү Түркиянын Стокгольмдогу элчилигинин алдында Куранды өрттөп, полициянын коргоосу астында өткөн нааразылык акциясында чогулган элдин Палуданга жакындашына уруксат берилген жок.
Июнь айында Испанияда өткөн лидерлер саммитинде Финляндия жана Швеция, Альянстын мүчөлүгүнө жашыл жарык жагылышы үчүн Түркиянын террор менен күрөшүүсүнө байланыштуу эскертүүлөрүн аткара турган үч тараптуу меморандумга кол коюшкан.
Тектеш кабарлар

Түрк коргоо өнөр жайындагы ийгиликтер чет элдик басма сөздө
Америкалык CNBC телеканалы түрк коргоо өнөр жайынын өнүгүүсү тууралуу маанилүү макала жазды.