Алтун: «Швеция Түркиянын тынчсыздануусун олуттуу кабыл албаса, жолугушуунун эч кандай кажети жок»

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун Швециянын эң чоң гезити Dagens Nyheterдин суроолоруна жазуу түрүндө жооп берди.

1936504
Алтун: «Швеция Түркиянын тынчсыздануусун олуттуу кабыл албаса, жолугушуунун эч кандай кажети жок»

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун Түркиянын Швециядагы элчилигинин алдында Курани Каримдин өрттөлүшүнүн эркиндик менен эч кандай байланышы жок экенин билдирди.

Фахреттин Алтун Швециянын эң чоң гезити Dagens Nyheterдин суроолоруна жазуу түрүндө жооп берди.

Борбор шаар Стокгольмдогу Түркия элчилигинин алдында Курани Каримди өрттөөнүн эркиндик менен эч кандай байланышы жок экенин белгилеген Алтун, бул кыймыл менен Швеция мусулмандары да болгон мусулмандарга карата зордук-зомбулукка үндөгөнүнө көңүл бурду.

Алтун Швециядагы жикчил террордук уюм ПККнын жактоочуларынын Түркия жана президент Режеп Таййип Эрдоганды бутага алган кыймыл-аракеттерине токтолуп, даниялык ашынган улутчул Страм Курстун (Катуу багыт партиясы) лидери Расмус Палудандын ишемби күнү Түркиянын Стокгольм элчилигинин алдында Курани Каримди өрттөш үчүн жасалган провокацияга уруксат берилишинен кийин Улуттук коргоо министри Хулуси Акар швециялык кесиптеши Пал Йонсондун Түркияга сапарын токтотконун эске салды.

Алтун:«Билдирүү ачык: Швеция Түркиянын тынчсыздануусун олуттуу кабыл албаса, жолугушуунун эч кандай мааниси жок», - деди.

Коммуникация башчысы Швециянын НАТОго кирүү мүмкүнчүлүгүн бере алган жалгыз өлкө Швециянын өзү экенин баса белгиледи.

Түркия 28-июнда Испаниянын Мадрид шаарында өткөн НАТО саммитинде мүчөлүк үчүн арыз берген Финляндия менен Швецияга вето койду. Террордук уюмдарга ачык колдоо көрсөткөн эки өлкө менен протокол түзгөн Анкара берилген убадалардын аткарылышын күтүп жатат.



Тектеш кабарлар