Швецияда Эрдоганды колдоо акциясы өттү
Борбор шаар Стокгольмдогу Түркия элчилигинин алдында чогулган UETD мүчөлөрү акцияга каршы чыгышты.



Даниядагы Страм Курс (Катуу багыт партиясы) партиясынын лидери, ашкере оңчул Расмус Палудан швед полициясынын уруксаты менен Түркиянын Стокгольмдогу элчилигинин алдында Куранды өрттөгөндөн кийин Европалык түрк демократтар биримдиги (UETD) президент Режеп Таййип Эрдоганга колдоо көрсөтүү акциясын уюштурду.
Борбор шаар Стокгольмдогу Түркия элчилигинин алдында чогулган UETD мүчөлөрү акцияга каршы чыгып, «Урматтуу президент, сизди сүйөбүз» деген жазуусу бар баннерлер менен Түркия жана президент Эрдогандын тарабында экендиктерин билдиришти.
Ашкере улутчул Расмус Палудан Швеция полициясынан уруксат алгандан кийин Түркиядагы Стокгольм элчилигинин алдында Куранды өрттөп, Мухаммед пайгамбарды кемсинткен карикатурасы бар плакат ачкан.
Данияда расизм баш болгон көптөгөн кылмыштары үчүн 2020-жылы 1 айга абакка кесилген Палудан мурда да Швеция жана Данияда Куранды өрттөгөн.