Зеленскийден Эрдоганга мактоо

Украинанын президенти Владимир Зеленский президент Режеп Таййип Эрдоганга Кара деңиз дан коридору келишимине кол коюудагы ролу үчүн ыраазычылык билдирди.

1936071
Зеленскийден Эрдоганга мактоо

Украинанын президенти Владимир Зеленский президент Режеп Таййип Эрдоганга Кара деңиз дан коридору келишимине кол коюудагы ролу үчүн ыраазычылык билдирди.

Зеленский жыл сайын Германиянын борбору Берлинде Эл аралык жашыл жумалык жарманкесинин алкагында өтүүчү Дүйнөлүк азык - түлүк жана айыл чарба форумуна видеоконференция аркылуу билдирүү жөнөттү.

Зеленский 21 - кылымда дүйнөнүн эч бир жеринде азык - түлүк тартыштыгы болбошу керектигине ишенгендигин айтып : "Азык - түлүк жетишсиздиги тарыхта калып,  кайтып келбеши керек. Бул глобалдык максат болушу керек",- деди.

Зеленский элди азык  - түлүк  же суудан ажыратууга аракет кылгандар бүткүл адамзаттын душманы экенин белгилеп : "Бул душмандарды бирдикте жеңишибиз керек",- деди. 

Өлкөсүнүн ар дайым глобалдык азык  - түлүк базарында жооптуу катышуучу болгонун жана болорун баса белгилеген Зеленский  Россиянын кол салууларына карабастан дүйнөгө азык  - түлүк жеткирүүнү улантышкандарын белгиледи.

Зеленский Россиянын Украинанын Кара деңиздеги портторун жапкандыгын бирок азык  - түлүк жеткирүүнү кайра баштоонун дипломатиялык жолун тапкандарын айтты.

"Бириккен Улуттар Уюмунун  баш катчысы Гутерришке жана Түркия Республикасынын Президенти Эрдоганга Кара деңиз дан коридору келишимин ишке ашырууга өз убагында жана таасирдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирем»,- деди Зеленский.

 

 



Тектеш кабарлар