Түрк жана АКШ делегациялары Ф - 35 тууралуу сүйлөштү
Түркия жана Америка Кошмо Штаттарынын Коргоо министрликтеринин делегацияларынын Ф -35 сүйлөшүүлөрүн уланта турганы билдирилди.
1935392
Улуттук Коргоо министрлиги Түркия жана Америка Кошмо Штаттарынын Коргоо министрликтеринин делегацияларынын Ф -35 сүйлөшүүлөрүн уланта турганын билдирди.
Министрликтин билдирүүсүндө, биринчиси борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн Ф -35 сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы мурунку күнү Вашингтондо өткөрүлгөнү белгиленди.
Билдирүүдө делегациялар сүйлөшүүлөрдү улантуу боюнча бир пикирге келгени, кийинки жолугушуунун жаз айларында кайрадан Анкарада өткөрүлүшү пландалып жатканы маалымдалды.