Мевлүт Чавушоглу Хьюстондо Түркиянын башкы консулдук имаратын ачты
Америка Кошмо Штаттарынын Техас штатынын Хьюстон шаарындагы Түркиянын башкы консулдугунун жаңы кызмат имараты министр Мевлүт Чавушоглу катышкан азем менен ачылды.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу : «Хьюстон аймагындагы ФЕТО мүчөлөрү менен күрөшүүнүн маанисин дагы бир жолу баса белгилегим келет, бул уюмга каршы күрөшүбүздү жарандарыбыз менен бирге улантабыз»,-деди.
Америка Кошмо Штаттарынын Техас штатынын Хьюстон шаарындагы Түркиянын башкы консулдугунун жаңы кызмат имараты министр Мевлүт Чавушоглу катышкан азем менен ачылды.
Чавушоглу бул жерде сүйлөгөн сөзүндө : «Глобалдык система бир нече кризистен өтүп жаткан учурда Түркия менен АКШнын ортосундагы байланыштарды арттырып жатабыз»,-деди.
Чавушоглу АКШлык кесиптеши Энтони Блинкен менен бир күн мурда Вашингтондо өткөргөн эки тараптуу жолугушууга токтолуп : «Жолугушууларыбызын абдан түшүмдүү жана эки тараптуу карым - катнаштардын өнүгүшү жактан пайдалуу болгондугун айта аламын. АКШ менен ПЙД/ПКК, ФЕТӨ жана санкциялар сыяктуу айрым маселелер бар. Аларды жеңүү үчүн да иштеп жатабыз. Хьюстон аймагында ФЕТО мүчөлөрү менен күрөшүүнүн маанисин дагы бир жолу баса белгилегим келет. Жарандарыбыз менен бирге бул уюмга каршы күрөшүбүздү улантабыз»,-деди.
Мевлүт Чавушоглу ачылыш аземинде Хьюстон жергиликтүү жетекчилери да чакырылган топко кайрылып, Түркиянын бул жылы ача турган эки башкы консулдук имараты менен бирге дүйнөдө 260 өкүлчүлүккө жете тургандыгын белгиледи.
Министр Чавушоглу : «Чет өлкөдө жашаган жарандарыбызга жана мекендештерибизге мыкты кызмат көрсөтүү биздин алдыңкылыгыбыз. Бүгүн биз ача турган бул канцелярия имараты Хьюстон аймагында жашаган 30 миңге жакын жаранга мыкты кызмат кылат. Бүгүн биз жаңы тейлөө имаратыбызды ачып жатабыз, бирок Хьюстондогу башкы консулдугубуз 1985 - жылдан бери ачык",- деди.