Коргоо Министри Хулуси Акар эртең Германияга барат
Хулуси Акар эртең Украина боюнча Германияда боло турган жыйынга катышат.
1935144

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар эртең Украина боюнча Германияда боло турган жыйынга катышат.
Украинадагы ааблдар НАТОнун Рамштайн аба базасында эртең боло турган «Украина үчүн коргонуу жана коопсуздук кеңешме тобунун жыйналышында» талкууланат.
Улуттук коргоо министри Акар да катыша турган жыйынга 30га жакын өлкөнүн коргоо министри катышат.
Жыйында 24 - февралдан бери келе жаткан Россия - Украина согушунда болгондор, аймактагы акыркы абал менен жардам темаларынын талкууланышы күтүлүүдө.