Үстел: "Түркиянын толук колдоосу бизге ишеним берүүдө"

Үнал Үстел Президенттик комплексте бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушуулардан кийин биргелешкен маалымат жыйынында вице-президент Фуат Октай менен сүйлөштү.

1934220
Үстел: "Түркиянын толук колдоосу бизге ишеним берүүдө"

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) премьер-министри Үнал Үстел, Кипр боюнча эки мамлекеттүү чечим көз карашына Түркиянын толук колдоосун көрүү өздөрүнө ишеним бергенин айтты.

Үнал Үстел вице-президент Фуат Октай менен Президенттик комплексте бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушуулардан кийин биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Түркиянын ар тармакта ТКТРнын жанында экенин дагы бир жолу көргөндөрүн белгилеген Үстел: «Кипр темасындагы эки мамлекеттүү чечим көз карашыбызга Түркиянын толук колдоосунун уланып жатышын көрүү бизге ишеним берүүдө. Кипр түрк калкы Түркия берген бул улуу күч менен дүйнөдө «мен да бармын» деп айтууну улантууда»-деди.

Үстел, президент Режеп Таййип Эрдогандын сентябрь айында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында (БУУ) сүйлөгөн сөзүндө Түндүк Кипр Түрк Республикасын таануу чакырыгынын «тарыхый кадам» экенин баса белгилеп: «Мунун баары ачык көрүнүп турганда, биздин милдетибиз Түндүк Кипр Түрк Республикасын дүйнөдө өз ордун ала турган мамлекет катары даярдоо. Өкмөт катары биз керектүү нерсени жасайбыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар