Түркия Венгрияга ракета атуучу системасын сунуш кылды

Түркиянын энергетикада борбор болуу жолунда бекем кадам таштаганын белгилеген Варанк эки өлкөнүн коргонуу өнөр жайындагы кызматташтыгына да көңүлдөрдү бурду.

1933711
Түркия Венгрияга ракета атуучу системасын сунуш кылды

Түркия Венгрияга Америкада жасалган HIMARS ракета атуучу системасына альтернатив катары түрк ракета атуучу системасын сунуш кылды. Рамсий сапарынын негизинде Венгрияга барган Өнөр жай жана технология министри Мустафа варанк борбор шаар Будапештте Тркия  -  Венгрия 8 -  мөөнөттүү биргелешкен экономикалык комиссиясынын жыйынына катышты.

Жыйындан кийин Венгриянын тышкы жана соода министри Петер Сийярто менен биргелешкен маалымат жыйынын өткөргөн Варанк түзүлгөн кеңешүү механизмдери жана жасалган инвестиция менен эки өлкөнүн карым - катнаштарынын чоң ылдамдыкка ээ болгонун айтты.

Түркиянын энергетикада борбор болуу жолунда бекем кадам таштаганын белгилеген Варанк эки өлкөнүн коргонуу өнөр жайындагы кызматташтыгына да көңүлдөрдү бурду.

Варанк Түркиянын Будапешт башкаруучулугуна Америкада жасалган HIMARS ракета аткыч системасына альтернатив катары  продукциялар боюнча колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирип : "Венгрия (HIMARS боюнча) кадам таштайбы же жокпу билбейм, бирок мен муну айта алам; биз Түркияда ага альтернатив катары продукцияларды чыгарабыз. Буларга байланыштуу муктаждык боло турган болсо  биз керектүү колдоо көрсөтүүгө даярбыз",- деди.

Венгриянын тышкы иштер министри Сийярто да эки өлкөнүн ортосунда курал сатуу келишими бар экенине көңүлдөрдү буруп : "Стол үстүндө ачык сунуштар бар. Албетте, мунун баарына биринчи кезекте Коргоо министрлиги, андан кийин өкмөт баа берет”,- деди. 

 

 



Тектеш кабарлар