"Фырат калканы" операциясында бир аскер шейит болду

Улуттук коргоо министрлиги "Фырат калканы" аймагында бир аскердин шейит болгондугун маалымдады.

1932573
"Фырат калканы" операциясында бир аскер шейит болду

Сириянын түндүгүндө "Фырат калканы" операциясы жүргүзүлгөн аймакта бир аскер шейит болду.

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта "Фырат калканы" операциясы жүргүзүлгөн аймакта жикчил террордук уюм ПККнын террористтери тарабынан кечээ бир база аймагына жасалган кол салууда танкер сержант  Селчук Курттун оор жаркат алып ооруканага жеткирилгендиги маалымдалды.

Курттун бардык жардамдарга карабастан шейит болгондугу билдирилген маалыматта : "Бизди терең кайгыга салган бул окуяда каза болгон шейитибизге Аллахтан ырахмат тилеп, кайгылуу үй  - бүлөсүнө, түрк куралдуу күчтөрү менен асыл улутубузга көңүл айтып, сабыр тилейбиз",- деп айтылды. 

 



Тектеш кабарлар