Черногориянын президенти Мило Жуканович түрк элчисине медал тапшырды
Черногориянын президенти Мило Жуканович Түркиянын Подгорицадагы элчиси Соңгүл Озанга «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн» медалын тапшырды.
Черногориянын президенти Мило Жуканович Түркиянын Подгорицадагы элчиси Соңгүл Озанга «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн» медалын тапшырды.
Озанды борбор шаар Подгорицада кабыл алган Жуканович Озанга эки өлкөнүн карым-катнаштарынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, өзгөчө кызмат медалынын элчинин эмгеги жана достугу үчүн берилгенин айтты.
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Черногорияга барганын эске салган Жуканович : "Мен да өткөн жылы Стамбулга бардым. Өз ара диалог жана жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр эки өлкөнүн ортосундагы ишенимдин артканын билдирет. Бул кыйын мезгилде бекем достуктун курулушу абдан маанилүү",- деди.
Жуканович Озандын Черногориядагы инвестицияга да чоң салым кошконуна көңүл буруп, Черногорияда иш алып барган түрк мекеме жана уюмдарынын да көптөгөн долбоорлорду ишке ашырганын айтты.
Озан да Жукановичке ыраазычылык билдирип, Түркиянын Черногориядагы инвестицияларынын улана турганын белгиледи.